Түркияда миңден ашык гүленчини кармоого буйрук чыкты

0

Түркия бийлиги Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар делген миңден ашык адамды кармоого буйрук берди. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шектүүлөрдүн көбү Анкарада. Бирок полиция операцияны бүт өлкөдө – 76 провинцияда өткөрүүдө.

Диний аалым Фетхуллах Гүлен АКШда куугунтукта. Анкара аны 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган деп айыптайт. Түрк бийлигинин Гүленди Америкадан экстрадициялоо аракети майнап бербей келет.

2016-жылдагы төңкөрүш жасоо аракетинен кийин 77 миң адам кармалган, 150 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкерлери жумушунан кол жууган. Режеп Тайип Эрдогандын сынчылары болсо президент ийгиликсиз төңкөрүштү башкача ой жүгүрткөндөрдү басуу үчүн колдонуп жатат деп айыпташат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of