Айдоочуга кол салган куралдуу топ кармалды

Жүргүнчү ташыган айдоочуга кол салууну  милиция иликтеп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-январь күнү болжол менен таңкы саат 04:30 чамасында  “Калыс-Ордо” жаңы конушунун жанынан белгисиз адамдар 35 жаштагы жүргүнчү ташыган айдоочуга кол салышкан.

Алар Бишкектин Ош базарынан таксиге отурушуп, шаар четиндеги айылдардын бирине жеткирип коюуларын суранышкан. “Калыс-Ордо” жаңы конушуна жетишкен учурда жүргүнчүлөр айдоочуну курал жана бычак менен коркутушуп, автоунааны
токтотууну талап кылышкан. Ошол учурда айдоочу автоунаадан чыгып, качып
кетүүгө үлгүргөн. Тоноочулар айдоочунун артынан кууп, ок атышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Биринчи май РИИБси Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин (Өлтүрүү үчүн кол салуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Кылмыш ишинин мүнөздөмөсүн эске алып, аны иликтөөгө ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери киришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү такталган. Шектүүлөр кармалып,
убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар мурда уурдоо, зордуктоо,
карактоо үчүн соттолуп, эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына
болжол менен эки ай болгон 1990-жылы туулган С.А., мурда соттолгон О. уулу
А. аттуу Нарын облусунун тургундары болушат.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалгандардын бирөөсү
С.А. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам
каттоосунда турат.

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.
Кармалган жарандардын жогорудагыдай кылмыш иштерине тиешеси бардыгы
такталууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of