Асылбек Жээнбеков: уурулар жооп бериш керек. Видео

0

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ага жана комитет төрагаларына коюлган айыптоолорго жооп берди. Депутат ошол кездеги бийлик айла жоктон күнөөнү башкаларга оодарууга аракет кылууда деп эсептейт. 

Жээнбековдун айтымында, жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытай менен келишимдерди кечиктирилгис тартипте колдоп берүү боюнча ошол кездеги өкмөттөн өтө көп суранычтар болгон. Парламент мамлекет үчүн маанилүү документтерди ак ниети менен колдоп берген жана алар кийин коррупциялык иштер болорун билген эмес. Эң негизгиси – мында эч кандай мыйзам жана регламент бузуу орун албаган.

“Бул келишимди чын дилибизден башчыларга ишенип колдоп бергенбиз.Тарыхына токтолсок, 2013-жылдын 16-июлунда өкмөт Кытай менен келишимге кол коюп жатат. Жогорку Кеңешке макулдашуунун долбоору сентябрда түштү. 9-10-сентябрда үч комитет тездетип бергиле дешкен үчүн ыкчам карап жатат. Аны ким тездедип, ким бизге керек дегенин сиздер жакшы билесиздер”, -деди Жээнбеков.

Экс-спикер өкмөттөн кечиктирилгис деп көп кагаздар келерин, ушул күнгө чейин парламент аларды тез арада колдоп берип жүргөнүн кошумчалады.

Жээнбековдун айтымында, долбоордо баалар өтө эле жогору көрсөтүлгөнү боюнча депутаттарда ошол кезде эле суроолор болгон. Бирок өкмөт Бишкек ЖЭден сырткары TBEАдин акчасына  – 3 млн долларга Кара-Кече ЖЭБнин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү, 9 млн долларга трансформаторлор, 1 млн долларга кабелдик жабдуулар, дагы башка 3 млн долларлык жумуштар бүткөрүлөрү убадаланган.

“Биз ошонун баарына ишенгенбиз. Эки млн долларга түндүккө жана түштүккө бирден мектеп салабыз дешкен. Жыйынтыгында Бишкекке бир мектеп  курулду, анысына да мэриядан 104 млн сом алып, сапатсыз окуу жайды бүткөрүштү. Ууурдагандар жооп бериш керек”, -деди Жээнбеков. 

Экс-спикер ошол кезде парламент өз милдетин эч кынтыксыз аткарганын кошумчалады.

“Биз сөздөргө, келишимдерге ишендик. Бирок андай болбой калганын биз деле ЖЭБдеги авариядан кийин билип отурабыз. Ошондо да өкмөттөн мекемелер аралык комиссия түзөлү деп келишти. Биз макул болбой депутаттык комиссия түзүп, бүгүн мына жыйынтыгын карап жатабыз… Нурбек Токтакунов сүйлөдү, бүгүн да суроолор болуп жатат. Алардын (Атамбаевдин командасы – ред) айласы жок, бирөөнү жамандап, бирөөгө оодарыш керек болуп жатат”,- деди депутат. 

Эске салсак, буга чейин Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ЖЭБди модерназиялоо боюнча экс-спикер жана комитет төрагалары да жооп бериш керектигин айткан. Анын пикиринде, парламент макулдашууларды регламентти бузуу менен колдоп берген.

Ушундай эле айыптоолорду бүгүн парламенттик жыйында Ирина Карамушкина айтып өттү. Ал мамлекетке пайдалуу эмес, баасы кымбат долбоордун келишимдерин колдоп берген ошол кездеги төрага, комитет төрагалары эмнеге жооп бербейт деп суроо салган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of