Эки жарым миңден ашык майып балдардын ата-энелери айлык ала баштады

0

Өлкө боюнча 2556 адам мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караганы үчүн персоналдык ассистент катары маяна алып жатат. Ушул айга карата каржылоого кеткен акча 14 млн сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бүгүн ушул категориядагы социалдык төлөмдөр боюнча министрликтин райондук жана шаардык башкармалыктарынын башчыларына, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын өкүлдөрүнө окуу өткөрүлдү.

Аларга мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы карагандарга акча төлөп берүү механизими, ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полистерин алуу процедуралары тууралуу маалымат берилди.

Ата-энелер майып балдарды караганы үчүн айлык чегерүү маселесин 2009-жылдан бери көтөрүп келет. Анткени баланы карагандардын, адатта энелердин иштеп, кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүгү болбойт. А балага берилген майыптык боюнча 3 миң сом жөлөкпул дары-дармекке да жетпейт.

Кыргызстанда 30 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар бар. Алардын 6 миңдейи өз алдынча таптакыр жашай албайт. Өкмөт ушул категориядагы балдардын энелерине айлык төлөп бергени жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of