ИИМ тергөөчүсү $1700 пара менен кармалды

0
Иллюстративдик сүрөт

 ИИМдин тергөөчүсү бүгүн 1700 доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү, подполковник Ж.Н. шектүүдөн 1700 доллар алып жатканда кармалды.

Бул факты боюнча УКМК тиешелүү тергөө-ыкчам иш чараларын жүргүзүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of