Кыргызстан Түркмөнстанга картошканы экспорттой баштады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылынын дыйкандары Түркмөнстанга картошканы өткөрө баштады. 

Кыргызстан менен Түркмөнстан картошканы экспорттоо келишимине кол койду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин өкүлү Анаркүл Беккулиева жыйын учурунда билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча 2018-жылы Кыргызстанда 1 миллион 446 миң тонна картошка жыйналган.

Буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картошка сатылбай турганын айткан.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картошканы көп айдап алган дыйкандар болсо мээнети акталбай калганын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, былтыр картошканын килограммынын дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сом болууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of