Адиль Турдукулов КТРКны кантип өзгөртмөк? Талапкер менен маек

0
Сүрөт: Knews.kg

Бүгүн Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна экинчи мөөнөттө ат салыша турганын жарыялады. Ал ортодо Карыпбековго атаандаш болчу дагы бир талапкердин ысымы белгилүү болуп калды. Бул Адиль Турдукулов. Ал Байкоочу кеңешке арызын 17-февралда берет.

Биз Адиль Турдукулов менен маектешип, анын мүмкүнчүлүктөрү, көздөгөн максаты тууралуу кыска маектештик.

-КТРК жетекчилигине талапкер катары арыз таштадыңызбы? Маалымат ырас десеңиз, анда коомдук каналга эмне максатта баратасыз?

– Биринчиден, мен КТРКда 5 жылдай иштегем. Ал жерде радио тармагында, жаштар студиясында, маалыматтык студияда алып баруучу, продюсер, журналист катары иштеп кеткем. Андыктан телеканалдын ички ашканасын жакшы эле түшүнүп, билем деп ойлойм. Коомдук каналдан кеткенден кийин да бир канча медиа долбоорлорду ишке ашыргам. Сөз эркиндиги коомун түзүп, өзгөчө журналистердин сөз эркиндигин, мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана эркин колдонууга көп күч жумшаганбыз.

– КТРКны чыныгы коомдук канал кылууга дараметиңиз жетеби? Дегеле муну Кыргызстандын шартында ишке ашырса болобу?

– Менин оюмча каналдын эң башкы көйгөйү бул- ал жактагы кара тизме деп койсок болот. Азыркыга чейин КТРК элдин ар кыл ой-пикирлеринин, талкуунун ордосу боло албай жатат. Бул нерсени өзгөртүш керек. Менин оюмча телеканалда өтө эле кеңейтилген штат. Билишимче 720 кызматкери бар. Ошол себептүү да канал киреше таппай, тескерисинче, мамлекеттин чыгашасын арттырып жатат. Элестетиңиз, 60% чыгаша. Бул биздин бюджетибизге абдан эле оор. Ошондуктан муну өзгөртүш керек деген ойдомун. КТРКда эң негизгиси бийлик Байкоочу кеңеште болуш керек. Алар ар кайсы продакшн студиялар сунуштаган программаларды көрүп, баалап туруп, анан гана эфирге жарайбы же жокпу кыскасы позициясын билдириши керек деп ойлойм. КТРК – маалыматтык канал деп аталса дейм. Анткени мойнунда мамлекеттин жүргүзгөн саясатын элге жеткирүү жана элдин үнүн бийликке жеткирүү кызматы сакталып калыш керек.

– Өз мүмкүнчүлүктөрүңүзгө канчалык ишенесиз?

– Негизи КТРК бийликтин оппоненттерин каралоого, аларга карата элдин жек көрүү сезимин жогорулатпай, тескерисинче, компромисттик жолду тандашы зарыл. Аны кандай жол менен жеткирүүнү алдын ала ойлонушу керек. Балким, теледебаттар, дискуссияларды көбөйтсөк болот. Эң негизгиси коомдук канал башка телеканалдарга салыштырмалуу акыркы технологиялар менен жабдылган иш тартипти тандашы керек. Менде ошол жагын алдыга жылдырам деген пландар бар.

 –Талапкерлигиңизди коюу өзүңүздүн ички туюмуңуз менен болуп атабы же сунуштар түштүбү?

– Эгер ушул кадам мурунку бийлик учуруна туш келгенде мен талапкерлигимди коймок эмесмин. Анткени белгилүү да, мени баары бир тандабайт болчу. Бирок азыркы учурда бийлик элдин маанайына абдан эле көңүл бөлүп жатат. Эгерде менин талапкерлигимди эл да колдоп кетсе, КТРКны чыныгы коомдук канал болушун ойлошсо, анда бийлик дагы менин талапкерлигими тандоого мажбур болот го деген ой бар. “Талапкерлигиңи кой” деп эч ким деле сунуштаган жок. Өзүмүн насаатчыларым менен, кесиптештерим менен кеңештим. Баары ушул сунушту кабыл алышымы туура көрүштү. Кызматтан качпайм турганымы көрсөттүм. КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коем деп чечкиндүү чечим чыгардым. Артык эч нерсе айта албайм. Кандай болоорун билбейм… Сен болосуң деп ак үйдөн же башка жактан билдирүү же тапшырма түшкөн эмес.

– Коомдук каналдын директору болуп калсаңыз, жумушту эмнеден баштамаксыз?

– Биринчи кадамым – 4 жылдык пландарымды жана убадаларымды стратегия кылып, жазуу түрүндө даярдайм. Мен ойлойм жамаат алдында дагы, элге дагы ачык убадалар берилиши керек. КТРКнын продукциясы жергиликтүү телеканалдардын эң алды болуп, ошол эле учурда мамлекеттин кызыкчылыгын, маданиятын жана үрп-адатын чагылдырышы мен үчүн эң маанилүү.

Дагы бир амбициялуу нерсе бул- биздин продукциябыз Кыргызстанда эле эмес керек болсо башка мамлекеттерге экспорттой ала турган деңгээлдегидей жасоого аракет кылам. Анан дагы каналдарды ким, канча убакыт көрөрүн аныктоочу жаңы “Пиплметр” системасы киргизилип жатат. Ошол жакка ыктайбыз. Албетте, жаңы жабдыктар менен телеканалды камсыздоо үчүн финансылык маселе чечилиши керек. Ошол үчүн 60 пайыз чыгашалуу канал экенин айтып жатпаймбы. Ички системасына реформа керек. Бирок ал үчүн бийликтин дагы саясий эрки, колдоосу болмоюнча бул ишке ашпайт.

Ушул жылдын 19-мартында КТРКнын башкы директорлугуна шайлоо болот. Мыйзамга ылайык, жетекчи 4 жылга шайланат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of