Баткенде той-аштарды өткөрүүнүн эрежесин иштеп чыгышты

Сүрөт: Спутник

Баткендин Ак-Турпак айылында той-аштарда ашыкча чыгымды кыскартып жатышат. Алар төрт ай мурун атайын жобо кабыл алып, учурда жашоочулардын баары “мыйзамдан” ашыкча кадам жасабай калды. 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиевдин айтымында, жобону жергиликтүү бийлик жана тургундар биргеликте кабыл алган. Башында ашыкча чыгымдарды кыскартууга бир-эки жашоочу баш ийбей, чыгашасы көп той өткөргөн менен, азыр баары тартипке түшүп калды.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салттарды кыскартуу жана ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө жобосун сунуштайбыз.

Сүннөт той 

  • Сүннөт той өткөрүүдө ата-энелерге, бир туугандарына сарпай берүү, себет тартуу, бир туугандары эмеректерди алып келишин токтотуу.
  • Сүннөт тоюнда тойго союлган согумдун эти менен алтыдан нан 70 жаштан ашкан аксакалдарга гана тартуу.
  • Тойлордо аялдар арасында дасторкон көтөрүүнү токтотуу.
  • Той өткөргөн үй ээлерине калпак кийгизүү, жолук салмай токтотулуп, көңүлдөн чыгарган акчасын берүү.
  • Кудааларга себетти 4төн ашырбоо.
  •  Жамааттарды чакыруу ыктыяр өзүндө.
  • Тойду ичимдиксиз өткөрүү.

Үйлөнүү той

  • Үйлөнүү тойдо ЗАГСка  1 жеңил машина, 2 спринтер менен чыгуу (кафеге чакырылгандар гана барат, спирт ичимдиксиз өткөрүү)
  • Кызга калын берүү 100 000 миң сомдон ашырбоо.
  • Кыз тарапка 100 кг пахта берүү.
  • 800 же 1000 даана нан берүү.
  • Мал жандык берүү 4төн ашырбоо.
  • Куда тарапка берилүүчү момпосуй 6 куту.
  • Күйөө балдар кыз тарапка барганда күйөө баланы түшүрүп алуу жана  аккардеон менен ырдоону  токтотуу.
  • Кудаларга себет тартуу 4төн ашырбоо.

Бешик той

  • Бешик берүүдө жаңы төрөлгөн балага гана кийим берилип, ата-энелерине кийит берилбейт жана мал союлбайт. Ата-энелер гана барат.
  • Баруучулардын санын 10дон ашырбоо

Ажы тойдо

  • Ажыга калпак, чарчы берүү жана нан тартууну, ажыдан келген тасви, жайнамаз ж.б. белектерди таратууну токтотуу.
  • Аш берүү
  • Тойго союлган согумдун эти менен төрттөн нанды 70 жаштан ашкан аксакалдарга гана тартуу.

Студенттерге шерине өткөрүүгө тыюу салуу.

Мектептерде мугалимдерге белек берүүнү, акыркы коңгуроодо майрамдык кечелерди, туулган күндөрдү өткөрүүнү токтотуу. (Алиппе майрамында мугалимге белек берүүнү токтотуу).

Актурпактыктар ушул жобону Кадамжай районуна, Баткен облусуна жана жалпы өлкөгө жайылтуу боюнча кайрылуу даярдап жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of