Жаныбек Алыкуловдун футболчу уулу Белоруссия чемпионатына өттү

Кыргызстандын жаштар курама командасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов футбол боюнча Белоруссия чемпионатында ойногон “Неман” клубу менен 3 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациясынан билдирди.

Гродно шаарынын “Неман” клубу 1992-жылы Белоруссиянын жогорку лигасы негизделгенден бери чемпионатта ойноп келет. 2002-жылы күмүш медаль алышкан. Бир жолу Белоруссия Кубогун утуп, эки жолу финалга чыккан.

Гүлжигит Алыкулов “Неман” клубунда эки апта кароодо жүрүп, жолдоштук беттештерде эки гол киргизген.

  • 2019-жылдагы Белоруссия чемпионаты март айында башталат.
  • Өткөн жылы “Неман” чемпионатты 7-орунда жыйынтыктаган.
  • Гүлжигит Алыкулов маркум куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун баласы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика