Айбек Татанов: биз каршы чабуулда ойнойбуз

Эртең, 20-февралда Оштун “Алай” клубу Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахалды” кабыл алат. Беттеш АФК Кубогунун тайпалык баскычына чыгуу оюндарынын алкагында өтөт.

Бүгүн беттеш алдындагы маалымат жыйында “Алай” клубунун улук машыктыруучусу Айбек Татанов футболчулар оюнга толугу менен даяр экендигин жана эртең каршы чабуулга ыктаган оюн көрсөтөрүн билдирди.

Быйыл “Алай” жаш футболчулар менен толукталды. Алардан үмүт чоң. Эртеңки беттешке токтоло турган болсок, оюнчуларыбыз болгон артыкчылыгын көрсөтүшү зарыл.  Биз коргонууга басым жасап, каршы чабуулга ыктаган оюн көрсөтөбүз”,- деди Айбек Татанов.

Беттеш жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө башталат. Жооптук беттеш 27-февралда Түркмөнстанда өтөт.

“Алай” эки оюндун жыйынтыгы менен “Ахалды” жеңсе, Тажикстандын вице-чемпиону “Худжант” командасы менен дагы эки беттеш өткөрөт. Жуптун жеңүүчүсү гана тайпалык баскычка жолдомо алат.

  • Бул эки команда өткөн жылы да АФК Кубогунун тайпалык баскычында беттешкен. Эки оюнда тең “Алай” утулган.
  • АФК Кубогу – Азия чөлкөмүндөгү клубдар аралык экинчи даражадагы турнир.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of