Ажылардын кийимин Айкөл Аликжанова тигет

Ажылыкты уюштуруу тобу наркка, кездеменин курамы жана сапатына, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине жана ыңгайлуулугуна көңүл бурган.

Быйыл ажыга барчу зыяратчылардын кийимин тигүү милдети дизайнер Айкөл Аликжановага жүктөлдү. Ал 13 талапкердин ичинен тандалганын муфтияттан билдиришти.

Конкурстун жүрүшүндө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, дизайнына, өңү-түсүнө, коопсуздук белгилерине, ыңгайлуулугу боюнча коюлган талаптарга бааларын беришти.

“Ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда өткөн конкурста бардык талапка жооп бергендиги брюнча УРШ мүчөлөрү жеке ишкер Тилегина Юлиянын ишенимдүү өкүлү Аликжанова Айкөлдү татыктуу деп табышып, 2019-жылдагы ажылыктын формасын тигүү милдетин жүктөштү”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабтын курамына КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, ИИМ, МУКК, чек ара, мамлекеттик каттоо кызматынан, КР саламаттык сактоо министрлигинен, КР жолдор министрлигинен, Аалымдар Кеңешинен, Борбордук Текшерүү Комиссиясынан жана Муфтияттын өкүлдөрү киргизилген.

Актриса, модель, “Кыргызстан сулуусу- 2014”, “Интернет KG сулуусу – 2012” сынактарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова 2016- жылы жиджаб кийерин билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика