Алайда кудукка түшүп кеткен адам куткарылды

Кокустук бүгүн түш ченде болгон.

Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндө куткаруучулар кудук казып жатып чуңкурга түшүп кеткен жаранды аман алып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуя бүгүн, 20-февраль күнү саат 11:54 чамасында  болгон.

“Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда Будалык айылынын тургуну 1979-жылы туулган А.А. аттуу жаран кудук казып жатып кудукка түшүп кеткен. Жабырлануучу 4 метр тереңдикте казылган кудукка түшүп, үстүн шагыл басып калган. Кудуктун ичи тар болгондуктан, бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгышты. Саат 15:36да куткаруучулар куткаруучу шаймандар менен кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти”, -деп айтылат маалыматта.

Учурда кудукка түшүп кеткен адамдын абалы туруктуу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика