Тишин аттиш менен сууруп, темир менен колу-бутун сындырып… Кылмышкер төрт жылдан кийин кармалды

ИИМдин кызматкерлери төрт жылдан кийин эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, топтошуп алып ур-токмокко алуу аркылуу саламаттыкка атайылап оор залал келтирүүгө шектелген адам Чүй облусунун тургуну болуп чыкты.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын декабрь айынын аягында Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар бейбаштык кылышып, 36 жаштагы жергиликтүү тургундун саламаттыгына оор залал келтирип, атайылап сабашкан. Кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн сыртка чакырып, автоунаага саллган бойдон адамдар жок жайга алып кетишкен.

Кийин аныкталгандай, жабырлануучуну айылдын жээгиндеги мүрзө тарапка алып барышып, шектүүлөр катуу ур-токмокко алышкан. Кылмышкерлер ар кандай жол менен кордошуп, темир буюм менен уруп, буту-колун сындырышып, тиштерин аттиш менен суурушкан.

Жогорудагы факты боюнча Кочкор милициясы 2016-жылдын башында иш козгогон.

Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Б.Т. жана Н.У. аттуу эки жаран кармалган.

Кылмыштуу топтун катышуучуларынын бири изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарынын 1989-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу 2016-жылдын апрель айында эл аралык издөөгө алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жакында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.А. аттуунун кайда жүргөндүгү такталып, кармалган.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика