Акаев: өкмөт жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу боюнча чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Видео

0

Бишкектеги Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жашоочулары мамлекеттин, мэриянын катачылыгынын азабын  тартып жатат. Көйгөйдү конуштун миңге жакын тургуну депутаттар Жанар Акаев жана Рыскелди Момбековго айтып даттанган.

2005-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын чечими менен конуш катары элге жер бөлүнгөн. Бирок жакында мыйзамдаштырыла турган 7 миң участоктун катарына Ак-Ордо, ТЭЦ-2 конуштары кирбей калган. Парламенттик жыйын учурда депутат Жанар Акаев өкмөт чечкиндүү кадамга барып, элдин маселесин чечип бериши керек деген оюн билдирди.

“Анткени ал жерде 7 миңге жакын адам жашайт. Алардын тагдырына мамлекеттин кайдыгер болгону туура эмес. Акыркы үмүтү Жогорку Кеңеште болуп жатат. Байкасаңыздар, кышы-жайы дебей, Ак үйдүн алдына митингге чыккандардын 80 пайызы жаңы конуштагылар. 2011-жылы президенттик шайлоо алдында айрым талапкерлер көп кабатту үй куруп беребиз деп убадалашкан. Бул жерде өкмөт мигранттардын гана акчасын санагандай, жаңы конуштарды да биз шайлоодо гана эстеп жатабыз”, – деди ал.

Депутат маселени чечүүнүн жолу катары ошол жердеги иштебей турган ТЭЦти башка жакка көчүрүүнү сунуштады. Же болбосо ишкана элге зыяны тийбей турган ыкмада иштеши керек.

Спикер Дастан Жумабеков да бул көйгөйдөн кабардар. Анын айтымында, 2017-жылы электр станциялары ишканасы жаңы конуш тургундарын соттон утуп алган. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен жолукмай болгону белгилүү болду.

Ак-Ордо, ТЭЦ-2 деп аталган конуштар 2005-жылы жер басып алуулардан улам пайда болгон. Аталган конушта бүгүнкү күндө 7 миңдей адам жашайт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of