Бишкекте Lexus эки аялды сүзүп кетти

0

Бишкекте “ШампанВинКомбинаттын” жанында Lexus LX470 үлгүсүндөгү унаа эки аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеме маалымдагандай, кырсык бүгүн саат 13:30 чамасында жүз берген. Жабырлануучулар Славян туюк көчөсүнөн Айтматов проспектисиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп баратышкан.

“Жабырлануучулар 59 жана 35 жаштагы Бишкек шаарынын тургундары болгон. Күбөлөрдүн айтымында, алар жол чыракты карабастан, чуркап жиберишкен. Азыркы учурда ооруканада”, -деп айтылат маалыматта.

Эки аялды койдуруп кеткен айдоочу 24 жашта. Азыркы учурда көрсөтмө берип жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of