Карамушкина: түрк мектебинин директору балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн

0

“Манас” университетинин аймагында иштеп жаткан түрк мектебинин директору Амир Айдин окуучуларга карата адепсиз мамиле жасаган. Ал иш бөлмөсүнө алып кирип, өзүнүн жана балдардын ич кийимдердин чечкен. Бул тууралуу бүгүн парламенттик жыйында депутат Ирина Карамушкина билдирди. Ал түрк мектебиндеги дагы башка жагдайларды ачыктады.

Эл өкүлүнүн айтымында, директор балдарды жаратылыш койнуна эс алууга алып чыгып, ал жакта да балдарга жаман ниетте тийишкен.

“Окуучулардын бири муну айтып чыкса, баланы мектептен айдап салышыптыр. Апасы Ленин РИИБ кызматкерлери менен барса, Амир Айдин мектеп аймагына киргизүүдөн баш тарткан. Бирок милиция мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашканын айткандан кийин гана жол ачкан. Милиция күбө болгон, директор ошол баланы түркчө жаман сөздөр менен тилдеген. Энеси чыдабай, директорду баштыгы менен уруп жиберген”, – дейт Карамушкина. 

Ал кошумчалагандай: “директор айдалган баланы кайрадан мектепке аларын айтып, акча да сунуштаган. Мындагы өз билемдик тууралуу мугалимдер ооз ачуудан, элчиликке кабар берүүдөн коркушат. Анткени баары түрк жарандары, аларды директор коркутуп алган”.

Карамушкинанын айтымында, бул түрк мектебинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 200дөй бала билим алат. Алар сегиз жыл окугандан кийин Түркияга жиберилет. Директор ата-энелерге түрк жарандыгын алууну бир нече ирет сунуштаган.

Ата-энелер түрк мектеби боюнча УКМКга кайрылган, учурда териштирүү жүрүп жатат. Бирок алар мекемелер аралык комиссия түзүүнү талап кылууда.

“Ата-энелер бул мектепте ким билим берүүгө уруксат берген, кандай программа менен окутушат, мектепти бүткөндөн кийин биздин балдар кай жакка чыгып кетет деген суроолорго жооп алгысы келет”,  -дейт Карамушкина. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of