Кыдыралиев: мыкты айыл өкмөт башчылары аким болсун

Депутат Умбеталы Кыдыралиев мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган айыл өкмөт башчылары район акими болуп дайындалышы керек деп эсептейт. Ал жалпы депутаттардын атынан бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

Эл өкүлү жакында эле өкмөт башчы алты райондун акимин иштен алганын эске салды.

“Азыр эл арасында сөздөр башталды. Мен депутаттардын атынан кайрылам, акимдерди кандай тартипте дайындоо керектигинин жобосу бар. Ар бир райондо 10-15 айыл өкмөт бар. Ошол айыл өкмөт башчылары кандай иштеди, канча жумуш ордун түздү, канча инвестиция тартты, кайсы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечти деген сыяктуу негизги критерийлерге карап, премьер аларды акимдик кызматка сунуштасын”, – дейт Кыдыралиев.

Боронов алты райондун акимин иштен алууну сунуштады

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика