Түмөнбай Колдошов: шоу-чөйрөдө “бизнесмен” боло албадым

Азыркынын Рыспайы. Балким, бул элдик наам оңго-солго таратылып жаткан ар кайсы сыйлыктардан жүз эсе өйдө турар. Мындай баага Түмөнбай Колдошев салмактуу обондору, жүрөккө жетчү тексттерди таба билгени менен жетишкени ырас. 

“Калыс Медиа”  Түмөнбай Колдошев менен баарлашып, обончудан акыркы жаңылыктары, чыгармачылыгы тууралуу сурады. 

– Баамымда көптөн бери интервью бере элек экенсиз. Акыркы жолу качан маек курдуңуз эле? Андан бери чыгармачылыкта эмне жаңылыктар болду?

– Рахмат. Чыгармачыл адам дайым жаңыланып, улам кулпуруп, жаңы нерсени жаратып, өзүнүн чыгармачылыгында секирик жасап турушу керек. Ошол үчүн, билесиздер, ырчылар:”гардеробум жаңыланды, жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып жатам, ага мынча акча сарпталды” деген жаңылыктарын айтып турушат. Себеби, коомчулукта өзү жөнүндө пикир жаралып турушу үчүн. Бирок мен бир топ мезгилден бери жаңы чыгарманын үстүнөн иштей албай, чыгармачылыкка тийип-качып мамиле кылып жүрөмбү, айтор, алыстагандай элес болуп калды. Жаңы обон жазып, клип тартып, анын артынан астейдил түшө албагандыгым үчүн интервьюлар мыйзам ченемдүү негизде азайды.

– Азыркы убакта окуу жайда да иштеп жатасыз. Чыгармачылыкка тоскоолдук жаралбайбы?

– Буга чейин дагы мугалимдик кесипте филология факультетинде сабак берип, чыгармачылык, андан кийин концерт, клип деп ушулардын баарына жетишип жүргөнмүн. Бүгүнкү күндө деле жетишип иштеп жатам. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин эч ким биздин эркибизди тыйып алган жок. Ошондуктан, эки жумушту тең бирдей алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгүм да, каалоом да бар. Болгону бир аз тыныгуу болуп калды, муну сандан сапатка өтүү деп ойлойм.

– Эл сизди илимдин адамы катары да тааныйбы?

– Көпчүлүгү ырчы катары таанышат. Ал тургай, филология илимдеринин кандидаты болгонума карабай, көпчүлүк адамдар ырчы, музыкант деп кабылдашып, искусство факультетинде иштейт дешет экен. Филолог экенимди билсе дагы, “жок, бул баягы ырчы да” дегендерди жашоомдо көп кездештирдим. Бул мен үчүн жагымдуу.

– Көпчүлүк ырдаган ырларыңыз муңдуу. Эмне себептен мындай ырларды көп ырдайсыз?

– Чын эле мен шаңдуу ырларга жакын эмес экенмин (күлүп)… Кыргызда Жумамүдүн Шералиев деген гениалдуу композитор өткөн. Анын 500гө жакын чыгармасы болгон. Басымдуу бөлүгү шаңдуу, шайыр ырлар. Ал эми дагы бир гениалдуу композитор Рыспай Абдыкадыровдун ырларынын басымдуу бөлүгү муңдуу болгон. Ушул инсандардын таасиринен улам пайда болгон Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков сыяктуу обончулардын мектеби бар. Өзүмдү ушул мектептин улантуучусу катары эсептейм. Шаңдуу ырларды жазуу чынында бир аз татаал. Табиятым лирикага жакын болгондуктан, ошого көп басым жасайм.

– Шоу-бизнесте ырларды, обондорду сатуу модага айланып бара жатат. Сизде да ушундай жагдайлар болобу?

– Европада, башка мамлекеттерде чыгармаларды сатуу мындай эле көрүнүш. Ал эми бизде, тиги ырын сатты десе чоочун элестетишет. Борбордо ырларын саткан акындар көп. Сатып алуучу кандай десе, ошондой кылып жазып беришет. Ага улай обончулар деле ушул сыяктуу. Менимче туура эле деп ойлойм. Анткени потенциалын сатып жатат да. Чыгармаңызды сатып алат элек, буйрутма берели дедик эле деп кайрылгандар бар. Тилекке каршы, алардын талабын аткара албадым. Качан жүрөгүм толкуганда обон жаратам, жүрөгүмдү толкуткан гана текстке кайрыла алам. Чекеден учураганына эле жаза албайм. Шоу-бизнесте мен “бизнесмен” эмес экенмин. Ал эми келишим ар түрдүү болуп калат. Эгерде чыгармаңы сатсаң, автор катары жашашың мүмкүн, аны ырдай албай каласың. А мен сурагандарга бекер берем, аткаруучу да ырдай берет, параллелдүү өзүм да аткарам.

– Эмне үчүн комузда же гитарада эмес, аккардеон менен ырдап калгансыз? Же бирөөгө таасирленгенсизби?

– Эгемова Орозгүл деген бир тууган таежем бар, андан Мансур деген классташым экөөбүз комуз үйрөнгөнбүз. Бир-эки чыгарма үйрөнгөндөн кийин мен жакшы көңүл бурбай койдум, классташым бүтүрдү. Бир топ убакыт өткөндөн кийин 7-8-класска барып калганда, күндө кечинде таежемдин үйүнө барып сөзсүз аккардеонду колго алып, окшошсо деле, окшошпосо деле ойной берчүмүн. Анда таежем мага көңүл бурбай жүрдү. Себеби, комузга окшоп ара жолдо таштап коёт дечү. Качан мага атам FIROTTI деген герман аккардеонун сатып бергенден кийин таежем үйрөнөт экен деп, мага көңүл бура баштады. Аккардеонду ошентип үйрөндүм. Бирок, комузда дагы учуру келсе ырдашым толук мүмкүн. Аккардеондо кандай эргип ырдасам, комузда да ошондой деңгээлде ырдай алышыма өзүмдө ишенимим бар. Комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдаганды жакшы көрөм.

– “Мен журналист болбой калганмын” деп айткан сөзүңүз бар. Бул жаатта окубай деле өзүңүздү сынап көрдүңүз беле?

– Журналистка жаатында диктор болуу менин балалыктагы арзуум эле. Бул кесипти окубасам да, филология факультетин аяктадым. Бул экөө канатташ адистик. Журналистиканын мыйзамы боюнча бардык адамдар журналист болууга укуктуу. Жөн эле курулай айта бербей, журналист болбосом дагы, коомчулукка өзүмдүн жарандык көз карашымды, обончу катары ойлорумду, позициямды макала кылып, же болбосо ушундай интервьюларда билдиргенге аракет кылам.

– Обон жөн жерден чыкпайт. Чыгармачыл адамдар мыкты чыгарма жаратыш үчүн сүйүп туруш керек дешет. Сиз буга кошуласызбы?

– Сүйүп турган жакшы нерсе. Сүйүү керек экен, сүйөт элек деп үй-бүлөнү таштап коюу мүмкүн эмес. Үй-бүлө бул-ыйык институт. Чыгарма жазат элем, сүйүшүм керек деп жубайыбызды, баарын талаага таштап кетип калуу – акылсыздык. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып кете албаса, ал адамдын алсыздыгы. Биротоло эле сүйүүгө ишенип алуу туура эмес.

– Шакирт тарбиялайбызбы?

– Илим жолунда, чыгармачылыкта, жумушумда устаттарым бар. Жөн адам катары таасир калтырган инсандар көп. Шакирттерим деп бирөөнү кол бала кылып, тарбиялай алган жокмун. Кимдир бирөөлөр “агайдын шакирти элем” деп айтса туура болот го деп ойлойм. Бул менин шакиртим деп айтсам, балким мени устат катары кабыл албай калышы мүмкүн. Ошондуктан, бул суроого так жооп берүү бир аз кыйыныраак.

– Сиздин чыгармаларыңызды башкалар аткарышына уруксат бербей, пикир келишпестиктер болгон деп жүрүшөт. Ушул окуя боюнча кененирээк айтып өтсөңүз?

– Элбарчын Абдукалил кызы биздин окуу жайдын студенти болгон. 2014-жылы Ошто өткөн концертимде “Арзуу” деген ырды ырдаган. Бул ыр анын алгачкы дебюттук ыры болду. Обонун жазып ырдатып, ал ырды ырдашына себеп болуп калдым. Ошол мезгилдеги жаш таланттарга “бирөөнүн аранжировкасы менен ырдоо, бирөөнүн кастюмун кийип алып ырдагандай эле. Өзүң мээнет кылып ырдасаң, репертуарың пайда болот, эл дагы таанып баштайт” деп дайыма айтчумун. Ал эми бүгүнкү күндө Элбарчын замандын талабына ылайыктап, жаңыча ырдайын деп ойлоду окшойт. Бирок, чылпагын алам деп көзүн оюп алды деген сөз бар да.

– Илим жаатына кандай өзгөчөлүк киргизгиңиз келет?

– Докторлук темам “Кыргыз обондуу ырларынын поэтикасы: өнүгүү, эволюция жана тематикасы (1960-2000-жылдар)” деп аталат. Кыргыз адабиятында обондуу ырлардын поэтикасы изилдене элек. Буйруса, ушул темада изилдөө жүргүзөм.

 -Бишкекке качан концерт коёсуз?

– Март айынын акырында борборго концерт койсомбу деп ниеттенип жатам. Буюрса, бул дагы ишке ашат.

Маектешкен: Мимоза Жанибек кызы 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of