Аба ырайы: жолдор тоңголок, тайгак болот

Бүгүн, 23-февралда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8, Таласта +6…+8 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылыйт. Ысык-Көлдө +2…+4, Нарында -5…-7 градус суук болот.

Ал эми Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы Ошто +5…+7, Бишкекте +6…+8 градуска жетет.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика