Көпүрөгө буту кыпчылып калган бала куткарылды

0

Борбор калаанын 12-кичи районундагы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөгө буту кыпчылып калган окуучу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан куткарылды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, кырсык 23-февралда болгон. Көпүрөнүн капталында жайгашкан арматурага 13 жаштагы окуучунун буту кирип кетип чыкпай калган.

Жерине барган куткаруучулар балага жардам берип, чыгарып алышкан. Бактыга жараша баланын ден соолугуна залал келген эмес.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of