Айыл чарба товарларынын айрымдарын кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары айыл чарба товарларынын айрымдарын кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

Демилгечилер бул кадам биринчи кезекте агро өндүрүштү өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт деп ишендиришти. Документ коомдук талкууга коюлду.

Кошумча нарк салыгынан асыл тукум айыл чарба мал жандыктары, уруктук каражаттар, аарылар, көчөттөр, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары бошотуу каралууда.

Эгерде демилге колдоо тапса, жогоруда саналгандардан сырткары багбанчылыкка керектүү материалдар, жем жана жем кошулмалары, айыл чарбада колдонулган таңгактагы материалдарды да салык төлөмүсүз ташып келүүгө болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of