Тургундар Кызыл-Кыштактын башчысынын үстүнөн Путинге арызданышты

Кара-Суунун эки тургуну Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун үстүнөн Орусияныны президенти Владимир Путинге кат жазышты. Алар эки жылдан бери “коррупционер чиновниктин коркутуу-басымы астында жашап жатышканын” айтууда.

Путинге арызданган Токторалиева Орозкан менен Мирзакаримова Гулнаранын айтымында, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров аларды 1,5 млн сомдон ашык доого жыгам деп сотко кайрылууда.

“Тилекке каршы, Кыргызстанда сот жана укук коргоо органдарына ишеним жок. Анткени сотто дайыма акчалуулар утуп чыгат”, – дешет алар.


Маселенин чоо жайы: Мирзакаримованын айтымында, Кызыл-Кыштак айылынын тургундары жылдап жерге кезек күтүүдө. Ошол эле маалда башчы Шарабидин Капаров жерлерди акчалууларга сатып жатат. Бирок анын “крышасы” күчтүү болгон үчүн укук коргоо органдары ага чара көрбөй жатат.

Мурзакаримованын буга чейин президентке жазган катынан скриншот:

Арыздануучулар Кыргызстандын президентине чейин бардык мамлекеттик, укук коргоо органдарына кайрылышканын, бирок натыйжа чыкпагананын айтышат.

“Владимир Владимирович, мартта Кыргызстанга келип, Сооронбай Жээнбеков менен жолугушасыз. Биздин кайрылуубузду Жээнбековдун колуна тапшырып, жакын арада бизди кабыл алышына мүмкүндүк түзүп бериңиз”, – дешет арыздануучулар.

Шарабидин Капаров болсо бул айыптоолорду четке кагып келет. Арыздануучулардын экөө тең буга чейин жер тилке алганын, алардын мынтип улам ар кимге арызданып, чуу жаратышынын артында бирөөлөр турарын буга чейин журналисттерге айткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика