Кыргызстан-Казакстан: эки тарап картошкага коюлган чектөөнү алуу тууралуу документке кол коюшту

Астанада Казакстан картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган протоколго кол коюлду.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап фитосанитардык кызматынан алынган маалыматты караган соң,  үстүбүздөгү жылдын 19-февралында киргизилген картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргыз Республикасына казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашышты, алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика