Туубуз түбөлүккө желбиресин! Туу тууралуу тогуз факты

Кыргызстанда бүгүн, 3-мартта мамлекеттик желектин 27 жылдыгы белгиленип жатат. Желек күнү 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Эгемендүү Кыргыстандын биринчи желеги 1992-жылы 5-мартта Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн имаратына илинген. Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндөн, анын толтосуна кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Желекти иштеп чыгууга Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков катышкан.

“Калыс медиа” мамлекеттик тууга байланыштуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек турган жер мамлекеттин башкы кароол посту. Улуттук Гвардиянын Ардак кароолунун аскерлери ал жерде илинип турган желекти кайтарып турушат.

2012-жылы 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына арналып борбор калаанын четиндеги Боз-Бөлтөк тоосуна бийиктиги 75 метрлик флагшток жана 337 чарчы метрлик туу ошол убактагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен орнотулган. Желек Түркияда жасалып, баасы сегиз миллион сомду түзгөн. Бабанов премьерликтен кеткенден кийин желек Улуттук банктын балансына өткөрүлгөн.

2015-жылы Россиянын биринчи каналында “Что? Где? Когда?” оюнунундагы тапшырмалардын бири Кыргызстандын желегинде эмне тартылгандыгы тууралуу болгон. Катышуучулар “дарбыз”, “күн”, “нан”, “ай”, “күндүн тутулушу” сыяктуу түрдүү жоопторду айтышып, акырында белоруссиялык Михаил Карпук “түндүк” деп желектин ортосунда тартылган алкак айтыларын болжолдогон. Соңунда Михаил Карпуктун болжолдогон жообун алып баруучу туура деп эсептеген.

2016-жылы автоунаалардагы номер жаңычы дизайн менен жасала баштаган. Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG жайгаштырылган.

2016-жылы активист студенттер желек күнүнө карата String art ыкмасы менен мамлекеттик тууну жасашкан. Ага 13 миң мык жана 20 чакырымдай жип керектелген. Өзгөчө ыкмада жасалган желекти белгилүү меценат Аскар Салымбеков 75 миң сомго сатып алган. Студенттер сатуудан түшкөн акчаны Токмоктогу балдар үйүн оңдоого жумшай турганын айтышкан.

2017-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү аяктаган мектепке белек катары бийиктиги 12 метрлик желек орнотуп беришкен. Айыл жаштары муну менен алар өздөрүнүн артында өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка чакырууну көздөгөн.


2018-жылы Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын алуу үчүн пайдаланган “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарып, 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген. Андан бир жыл мурда аталган музей-комплекте оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Андагы кызматкер мамлекеттик тууну музейдин ичиндеги кампада турган жеринен алып чыгып, курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланганы маалым болгон.

2018-жылы 24-апрелде Бишкекте катуу шамалдан улам борбордук аянттагы тууну шамал учуруп, түшүп калган туунун ордуна башка желекти сүрөтчү Азамат Жаналиев түнү бою кармап турган.

Жыйырма төрт жаштагы кыргызстандык  Дастанбек Абдрахманов бамбук таякчаларынан Кыргызстандын туусун жасаган. Жыгач туунун узуну 165 сантиметр болсо, туурасы 1 метрге барабар болгон. Автор желекти бир жыл үч ай убакыт аралыгында ишке ашырып, жалпы 65 миң даана таякча сарптаган.

Айрым фотолор: Спутник сайтына таандык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of