Скотч, калем, чач. 12 жашар кыздын ичинен табылган заттар дарыгерлерди таң калтырды

Иллюстрация

Кичинекей бейтап ата-энесине ичи ооруганын айткан. 

Казакстандын Жанаөзен шаарында дарыгерлер 12 жаштагы кыздын ичинен скотч, калем жана чач алып чыкты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Өспүрүм ата-энесине ичи ооруганын бир нече жолу айткандан кийин дарыгерлерге алып барышкан. Кыздын ичинде бөтөн заттар жүргөнун рентген дароо эле көрсөткөн.

Дарыгерлер кыздын ден соолугу начарлап баратканын айтып, операция жасашкан. Азыркы тапта бейтаптын абалы дурус.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика