ЖК аппараты төраганын колу коюлган катта одоно каталар кеткенин мойнуна алды. Ага жол берген кызматкер жазаланат

Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган.

Бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы өз колу менен жазган эмес.

Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. 

“Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган каты, андагы толгон-токой грамматикалык каталар, орусча-кыргызча аралаш жазылганы Фейсбукта тарап, чоң талкуу жараткан.

Ал ортодо парламенттин маалымат кызматы бул кат жасалма болушу мүмкүн деп, чын-төгүнү текшерилип жатканын маалымдаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of