Милиция кудукка ташталган түйүлдүк боюнча үн катты

Иллюстрация

Түйүлдүк айына жетпей төрөлгөн кыз бала болгон. 

Бишкекке жакын жердеги Маевка айылындагы канал жээгинде таштанды жанынан желим баштыкка салынган түйүлдүктүн жансыз денеси табылганын Чүй милициясы ырастады.

Алдын ала маалымат боюнча кыз айына жетпей төрөлгөн. Болжолдуу түрдө түйүлдүк 4-5 айлык болгон.

“Ушул жылдын 4-мартында саат 20:50 чамасында Аламүдүн райондук милициясына ымыркай боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге кызматкерлер барган. Азыркы учурда алдын ала тергөө иштери башталды”,- деп айтылат маалыматта.

Факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.

Бишкекте кудуктан ымыркайдын сөөгү табылды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of