Чыңгыз Айтматов багын жаңылоого сынак жарыяланды

Сынак бир айга созулат. 

“Бишкекбашкыархитектурасы” Чыңгыз Айтматов сейил багын (Эмен багы) жаңылоого  сынак жарыялады. Мекеме эң мыкты долбоорлорду ачык конкурстун негизинде кабыл алат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Паркка Айтматовдун эстелиги да орнотулушу керек. Сынак 4-марттан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Ал бир этап менен өтөт. Алдыңкы үч орунга мэриядан -150 миң сом (1-орун), 100 миң сом (2-орун) жана 50 миң сом (3-орун) акчалай сыйлык каралган.

Кошумча маалыматты 0312 45 68 09, 0705 25 07 73 номерлери аркылуу билүүгө болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика