“Коопсуз шаар”: миңдей айдоочуга айып пул салынды

ЖКККББ бул үчүн жаңы жабдык сатып алган. 

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 955 айдоочуга эреже бузганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын мониторинг борборунун маалымат кызматынан билдиришти.

6-мартта саат 18:00гө чейин 955 токтомго электрондук кол коюлган. Алар электрондук форматта индексация үчүн “Кыргызпочтасына” жиберилди. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы каттарды басып чыгарып, конвертке салат. Ал “Кыргызпочтасына” келип, автоунаанын ээсине жеткирилет.

“ЖКККББ жол эрежесин бузгандарга токтом токуу боюнча жаңы жабдык сатып алды. Мындан ары эреже бузууларды каттаган камералардагы маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфоком” ишканасынын маалыматтар борборуна түз келет. Ал жерден жарандын өзү тууралуу, жашаган жери жана машинасы боюнча маалыматтар менен салыштырылат. Бардык маалыматтар алынгандан кийин түзүлгөн токтом Мониторинг борборуна келип, инспекторлор аларды иштеп чыгып, протоколго кол коёт”, -деп айтылат маалыматта.

12-февралда Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулду. Бирок 12-февралдан 4-мартка чейинки эреже бузуулар үчүн айып пулду мамлекет кечип салды.

Камералар эреже бузуулардын жети түрүн каттайт.

Жалпысынан долбоор 4 этапка бөлүнгөн. Анын алкагында Бишкектин 38 көчөсүнүн кесилишине камераларды, 4 стационардык аппараттык-программалык комлексти, ошондой эле Чүй облусу боюнча 48 стационардык аппараттык-программалык комлекс жана 20 көчмө аппараттык-программалык комлекс орнотуу каралган.

Бүгүн «Коопсуз шаар» иштей баштады. Сиз бул маалыматты сөзсүз билишиңиз керек

Сүрөт: 24.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of