“Улуттук энергохолдинге” тез арада реформа керек. Касымалиева төрт сунуш берди

Таластын Кара-Суу айылында эки адамдын өмүрүн алган окуя Жогорку Кеңеште бүгүн дагы көтөрүлдү. Вице-спикер Аида Касымалиева каргаша Кыргызстандын электр тармагындагы коррупциянын бетин ачып, Улуттук энергохолдингдин түзүмдөрүн тез арада реформалоо зарыл экендигин көрсөткөнүн билдирди.

“Биз жерине барып кабар алып, жакындары менен баарлашып кайттык. Бир күндө келини менен небересин жоготкон чоң эне сыздап олтурат. Бир эле күндө жубайы менен сүйкүмдүү кызынан ажыраган атасы, эки баласынын өмүрүн сактап калуу үчүн күндөп, түндөп ооруканада жатат”, –деди ал.

Депутаттын билдиришинче, ушул кезге чейин жарандардан түшкөн кайрылуулардын негизинде электр энергиясы тармагына төрт багыт боюнча тез арада реформа жасоо шарт.

1. Ар айдын башында 10 күн ичинде карызын төлөбөсө, дароо электр энергиясын үзүп коюшат. Бирок пенсионерлер, жөлөк пул алгандар ар айдын 15ине чейин араң акча алышары белгилүү. Андыктан электр энергиясына төлөө мөөнөтүн узартуу зарыл.

2. Электр энергиясына болгон карызы 50 сом же 100 сом болобу ай башында төлөбөсө, эскертүүсүз өчүрүп кетет. Кайра туташтыруу үчүн 300 сом акы алышат. 50 сомду төлөй албай жаткандар кантип 300 сом кошо төлөсүн? Эң негизгиси бул акча каражаты бюджетке түшпөйт. Мына, эң чоң мыйзамдашкан коррупция, бул элди акчасын мыйзам чегинде коррупциялаштыруу дегениби? Буга да өзгөртүү киргизип, жок дегенде кайсы бир бөлүгүн мамлекеттин эсебине төлөө системасын иштеп чыгуу зарыл.

3. Жарандарга болгон теңсиздик мамиле. Бардыгыбызга эле жашыруун эмес, заңгыраган үйлөрдө жашагандардын, күч кызматында иштегендердин электр энергиясына болгон карызы айлап, жылдап төлөнбөй, 100 миңдеген сумманы түзсө да эмне үчүн алардын светин өчүрүшпөйт? Кайдагы бир пенсионер, эптеп тиричилик кылып жаткан бей-бечаралардын карызы жок эле 50 сом, 100 сом үчүн жарыксыз калтырышат. Же эмне алар өзгөчө мамлекеттин эрке балдарыбы? Андыктан бардыгына бирдей мамиле жасалышы шарт.

4. Электр энергиясына болгон эсеп дүмүрчөгү көпчүлүк жерде өз убагында жетпейт. Анан эле контролеру келип светин кыркып кетет. Бул обоненттерге карата одоно мамиле. Көпчүлүк жерлерде контролерлер штаттан сырткары өздөрүнө жардамчы катары эки үч кишини жумушка алып алышкан. Анын эмгек акысын ким төлөп жатат? Сураштырсам, айына 20-25 миң сом алышат экен. Бул дагы чоң коррупциянын бетин ачат.

Касымалиева Таласагы каргашалуу окуя башка кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албасытыгын, өкмөт эч кандай реакция кылбаганын сындады. Ошондой эле электр тармагына тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of