Мирлан Мурзаев “Дордойго” өттү

Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Бишкектин “Дордой” клубуна өттү. Бул тууралуу клубдан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, чабуулчу буга чейин ойноп жүргөн Түркиянын “Сомаспор” клубу менен келишимин үзгөн.

27 жаштагы футболчу буга чейин “Дордой” командасында ойногон. Январь айында өткөн Азия Кубогуна улуттук кураманын катарында барып, бир гол киргизгенге жетишкен.

Окуу-машыгууларды Түркияда өткөрүп жаткан “Дордой” командасына Мирлан жакынкы күндөрү барып кошулат. Ал мындан ары 99-катар номурунда талаага чыгат.

  • Эскертке кетсек, өткөн аптада “Дордой” сегиз футболчу менен келишим түзгөн Алар: түркмөнстандык чабуулчу Вахыт Оразсахедов, орусиялык коргоочу жана жарым коргоочу Семен Шептицкий менен Артур Валикаев, казакстандык Алибек Сакенов жана кыргызстандык Айзар Акматов, Азамат Байматов, Павел Матяш, Антон Землянухин.
  • “Дордой” АФК кубогунданы биринчи беттешин 3-апрель күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда “Алтын-Асырга” каршы өткөрөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика