Эфиопиядагы учак кырсыгынан 157 адам каза болду

Эфиопияда Ethiopian Airlines авикомпаниясы таандык “Boeing 737” учагы кулап түштү. Кырсык болгон мезгилде самолетто 149 жүргүнчү жана 8 экипаж мүчөсү болгон. Алардын баары каза болду.

Самолет Кениянын борбору Найробиге учуп бараткан. Boeing 737 MAX 8 – Эфиопия борбору Аддис-Абебадан көтөрүлгөндөн алты мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Кулаганга чейин учак жерден 2,5 чакырым көтөрүлгөнгө жетишип, 700 километр саат ылдамдыкта бараткан.

Boeing 737 MAX – Boeing 737 учагынын акыркы төртүнчү мууну. Ал 2017-жылы пайдаланууга берилген. Боингдин 737 MAX 8 модели компаниянын тарыхындагы эң көп сатылган учак.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика