“Апрель” менен Зайналиев бири-биринин үстүнөн милицияга арыз жазды

“Апрель” ТВнын журналисттери менен табып Ашым (Хашим) Зайналиев бири- биринин үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Бишкек ШИИБнин өкүлү Нурлан Кайназаров билдирди. 

Кечээ, 11-мартта журналисттер табып кол көтөргөнүн айтып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына арыз жазышкан. Ошол эле күнү Зайналиев да “Апрелдин” кызматкерлеринин үстүнөн даттанган.

Октябрь РИИБи эки тараптын арызын Жоруктар кодекси боюнча каттоого алды. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 11-март күнү соттун чечими аткарылып жатканынан кабар алыш үчүн барган “Апрель” ТВнын журналисттерин Ашым Зайналиев өз мекемесинен күчкө салып  кууп чыккан. Анын видеосун телеканал сайтына чыгарган.

Хашим Зайналиевдин табыпчылыгы акыркы үч жылдан бери улам күн тартибине чыгып келет. Акыркы жолу өткөн жылдын октябрь айында камакка алынып, бирок жабырлануучу доосу жок экенин айткандан кийин ал сот залынан бошотулган.

Кийин Бишкектин Октябрь райондук соту Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, жеке медициналык кызмат көрсөтүшүнө жана лицензиясы жок дарыларды колдонушуна тыюу салуу боюнча доону канааттандырган. Зайналиев ушул чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылганы бүгүн белгилүү болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика