“Кыргызалтындын” директору $5000 айлык алат

“Кыргызалтын” ААКнын директору Алмаз Алимбеков $5000 айлык алат. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта ЖКнын отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумда билдирди. 

Жыйында депутат Бактыбек Турусбеков ишкананын директору алган маянасы боюнча сурады.

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтындын” директорлугу үчүн 70 миң сом жана ачык акционердик коомдун директорлор кеңешинин төрагасы болгону үчүн $4000 доллар, жалпы $5000 айлык ала турганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчисинин айлыгы жылына 16 миң долларга чейин чыга турганын айткан жайы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика