Рыспаев: “Кыргызалтындын” аппаратын кыскартуу керек

Сүрөт "Кабардан" алынды

“Кыргызалтын” компаниясынын аппаратында 120 адам иштейт. 

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтындын” башчылыгына дайындалган 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рысбаев компаниянын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгын караган комитеттик жыйында билдирди.

Депутаттын билдиришинче, эбак жабылып калган “Макмал” кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт.

“Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен. Ушу кантип болсун? “Кыргызалтын” мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы?”, – деп суроо салды ал.

Кожобек Рысбаев “Кыргызалтындын” аппаратын кыскартууну сунуштады.

Расмий маалымат боюнча “Кыргызалтын” компаниясынын аппаратында 120 адам иштейт.

Ушул эле жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков “Кыргызалтын” ААКнын директору канча маяна аларын сурап, Алмаз Алимбеков айлыгы $5000 экенин билдирген.

«Кыргызалтындын» директору $5000 айлык алат

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of