Чүйдө айдоочу электр мамысын сүзүп, бир айыл жарыксыз калды

Сүрөт Спутниктен алынды

Айдоочу электр линиясы өткөн таянычты сүзүп алган. 

Кечээ, 12-мартта саат 11:08 чамасында Чүй районунун Калиновка айылы электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Авариялык өчүрүү “Volkswagen Passat” автоунаасынын айдоочусу электр линиясы өткөн таянычты сүзүп алгандан улам болгон.

Мекемеден билдиришкендей, электр энергиясы ошол күнү берилди. Келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of