Мусабекова: Кыргызстан эмес, “Гейстан” атка конобуз

8-мартта Бишкекте өткөн аялдардын тилектештигине арналган жөө жүрүштүн айланасындагы талкуулар токтой элек. Бүгүн бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова дагы козгоду. 

Мусабекова жөө жүрүш кыргыз улутунун уңгусуна балта чапты деген пикирин билдирди.

“Орто Азияда биринчи жолу “гей-парад” өттү. Албетте, билбегендерге жөнөкөй эле акция болду. Билгенге биз кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, баскан жолун жана нарк-насилин тепселедик. Булар өз уулунун өмүрүнөн элинин өмүрүн кымбат көргөн Курманжан энебизди маскаралашты”, – деди ал.

Депутат жыйынга УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырып, митингди кимдер уюштурганын, кандай максат менен, кимге каршы болгонуна баа берүү керек деди.

“Манастын урпагыбыз деп дайыма мактанабыз. Кыргыз ансыз деле аз эл. Шайлоого барганда ар дайым мырзалар: “6 миллион калкпыз, буйруса, 60 миллион калк болобуз”, – дешет. Эркек эркекке үйлөнүп атса, каяктан 60 млн калк болобуз? Парламет оозубузга талкан сууп алгансып унчукпай отура берели. Анда эртең Кыргызстан эмес, “Гейстан” өлкө деген атка конобуз. Добушка коем, урматтуу депутаттар, колдоп бериңиздер”, -деди Мусабекова.

Маселе бүгүнкү күн тартибине киргизилди.

Жогорку Кеңеш 8-марттагы жүрүш боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика