Чек арадагы абал боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери сүйлөштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам кыргыз тараптын демилгеси менен эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин чыңалууну басаңдатып, боордош элдердин достук мамилесин сактап калуу үчүн тиешелүү органдардын өз ара мамилелешүүсү маанилүү экенин билдирди.

Азыркы тапта абал салыштырмалуу туруктуу. Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатат.

13-мартта кечке жуук Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чыр чыкканын окуяга күбө болгондор жазып чыгышкан.

Жергиликтүү тургундар Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникаларды алып бара жатканда Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары таш менен урушканын, чек арачылардын кызматтык унаасынын терезесин сындырганын айтышууда.

Кыргыз-тажик чек арасында жол куруудан улам чыр чыкты. Видео

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of