Депутат: карызга баткан “Эйр Кыргызстандын” башчысын Абылгазиев калкалайт

Буга чейин авиакомпаниянын 70% акциясы сатыкка коюлган. 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы 300 млн сомдон ашык карызга батканы айтылды. Ошол эле учурда 100дөн ашык кызматкери жумушсуз отурат.

Депутат Зиядин Жамалдинов авиакомпаниянын мындай кырдаалга кабылганына директору Жолдош Бектургановду түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейт.

“Бектурганов жетекчи болуп келгенде бул авиакомпанияда 5-6 учак бар эле. Анын баары ар тараптуу иштечү. Таң калычтуу, ушул күндө анын балансында бир да учак калбаптыр. Кала берсе, авиакомпания 302 млн сом карызга батып, 100дөн ашык кызматкери бүгүнкү күндө жумушсуз калган. Алардын кайрылбаган жери калган жок. Бирок эч ким көнүл бурбай келет. Бектурганов болсо 2-3 орун басары менен бирге ошол жерден айлык-маяна алып иштеп жатат”,- деди ал.

Авиакомпаниянын айланасындагы бул маселени 3 жылдан бери депутаттар көтөрүп келет. Кала берсе, тийиштүү транспорт комитети да отурум өткөрүп, Бектургановдун жоопкерчилигин карап, жумуштан алуу боюнча парламентте өкмөткө тапшырма берген.

“Ага карабай ал иштеп эле жүрөт. Муну ким калкалайт десе, көрсө, аны премьер-министр өзү калкалап, эч кимге тийгизбей, ушул күнгө чейин иштетип жүрөт. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү коррупция менен күрөшүп келе жатат. Бирок ошого карабастан, өкмөт андайларды коргоп жатканы таң калычтуу”,-деди депутат.

Зиядин Жамалдинов буга чейин авиакомпаниянын 75% акциясы сатыкка коюлганын, канчалаган кардарлар карызын көрүп баш тартканын, өкмөт авиакомпанияны акциясы менен сатып, жетекчилерди карыздан кутултканы жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясын көзөмөлгө алып, чара көрүүнү өтүндү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of