“Коопсуз шаар”: март айынан баштап жол эрежесин бузуу азайды

4-марттан баштап дээрлик 13 миңдей жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Алардын ичинен 5 686сынын дарегине айып пул тууралуу билдирүүлөр жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди. 

«Марттын башынан бери жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин сактай башташты», – деди Иманалы Саркулов.

12-февралда Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы иштей баштаган. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга 4-марттан баштап айып пул жазыла баштаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of