Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет.

Кыргызстан Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.

Аталган мыйзамга ылайык Тышкы иштер министрлиги майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны БУУнун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге депонирлөөгө тийиш.

Кыргызстанда бул мыйзамды кабыл алуу сегиз жылдан бери ишке ашпай, өлкөдөгү мүмкүнчүлүгу чектелген жарандар бир нече жолу нааразычылык акцияларын, жөө жүрүш уюштурган.

Конвенцияны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом каражат талап кылынат.

Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика