Баткен: депутаттар ок тийгендердин абалын сурады

Депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева Баткенде жүрөт.

Алар кыргыз-тажик чек арасында ок тийип, ооруканага түшкөн үч адамдан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Андан чыгып депутаттар Ак- Сайга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кеткен. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алышат.

Эске салсак, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында чатак башталып, ал кечээ да уланды. Кыргыз тарап Ак-Сай-Тамдык көз карандысыз жолунун курулушун баштамакчы болгондо кошуна өлкөнүн тургундары буга каршы чыккан. Кыргызстандан эки тургун жана бир милиция кызматкерине ок тийип, азыр ооруканада. Тажикстандан эки киши каза болду, бир нечеси жараат алды.

Эки өлкөнүн ортосунда президенттик, өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр уланууда. Чек арадагы абал турукташа баштаганын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал турукташа баштады

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика