Чырга “чырак” болгон Ак-Сай-Тамдык жолунун таржымалы

Сүрөт: Азаттык

Баткен облусундагы Көк-Сай-Ак-Таш-Тамдык жолунун курулушу 2013-жылы башталган. Жалпы узундугу – 24,5 чакырым. Бул тилке Баткендин Ворух тажик анклавын айланып өтүү үчүн курула баштаган.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнгө карата жолдун 13 чакырымы, башкача айтканда, Көк-Таш айылынан Ак-Сайга чейинки тилкеси бүткөн.

Маалыматтарга караганда, 2008-жылы кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү Ворух анклавын аралап өтпөстөн, айланма жол курууну өз ара макулдашышкан. Көп узабай тажик тарап макулдашууга карабай, айланма жол үчүн Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырган коридор берүүнү талап кылган.

Буга кыргыз тарап макул болбой, Ак-Сай-Тамдык жолун курууну баштаган. Бирок, жолду куруу иштери бир нече ирет үзгүлтүккө учурап, бүтпөй келген.

Өткөн жылы Баткен райондук бийлигинин демилгеси менен Ак-Сайдан Тамдык айылына карай кеткен жолго, башкача айтканда, чек ара зонасы тарапка техника алып барылып, ашар жолу менен узундугу 4 чакырым болгон жол курулган.

Ал эми ушул жылдын 9-мартында жергилктүү элдин өтүнүчү менен жогоруда сөз болгон жолду курууда иш жанданып, ал жерге жүктөгүч жана эксковатор техникалары жеткирилген.

Дал ушул убакта тажик тарап жолду курууга каршы болуп, эки ортодо жаңжал чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of