Абылгазиев жазгы талаа иштерине даярдыкты текшерди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапары менен барып, Ысык-Ата районунда жазгы талаа иштеринин жана каналдарды тазалоонун жүрүшү менен таанышты.

Абылгазиев айыл чарба техникаларынын даярдыгын көрүп, жергиликтүү фермерлер жана дыйкандар менен маектешти.

Дыйкан чарбалардын өкүлдөрү өкмөт башчыга айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү пландары, заманбап айыл чарба техникасын сатып алуу жана пайдалануу, ошондой эле продукцияларды сатуудагы кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, анын ичинде жаңы финансылык каражаттарды киргизүү, инвестицияларды тартуу, дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана лизингдик программаларды ишке ашыруу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле фермерлерди күйүүчү май, үрөн, жеткиликтүү насыя жана техника менен камсыздоо маселелерин ыкчам тартипте чечүүнү милдеттендирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of