Баткен: коопсуз жайга көчүрүлгөн 800дөй адам кантип күн көрүүдө?

Кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга көчүрүлгөн Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Баткен шаарында 9 пунктка жайгаштырылган.

Учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектеген жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы жеринде иштөөдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, көчүп келген жарандар шаардагы №57 кесиптик лицейде, окуу жайлардын жатаканаларында, Алтын-Ордо, Ак-Сарай жеке менчик мейманканаларында жана ыктыярдуу түрдө жарандарды кабыл алган Бүшарипа Кадыралиеванын көп кабаттуу үйлөрүндө жайгашкан.

Көчүрүлгөндөрдүн саны 764 адамды түзөт. Алардын 316сы 9 пунктка жайгашкан, анын 199у жаш балдар, 130у окуучулар. Калган 448 жаран туугандарынын үйүндө турууда.

Ар бир пунктта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, саламаттыкты сактоо кызматынын, ички иштер кызматынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери нөөмөткө турууда.

Убактылуу көчүп келген аксайлыктарга облустук өкүлчүлүк тарабынан уюштуруу иштери колго алынып, тамак аш, кийим кече, алгачкы керектелүүчү гигиеналык каражаттары менен толук камсыздалууда.

13-мартта кыргыз-тажик чек арасында чыр болуп, Кыргызстандан эки тургун жана бир милиция кызматкерине ок тийип, азыр ооруканада дарыланууда. Тажикстандан эки киши каза болуп, бир нечеси жараат алган. Чырга кыргыз тарап Ак-Сай-Тамдык көз карандысыз жолунун курулушун баштамакчы болгондо кошуна өлкөнүн тургундары буга каршы чыкканы себеп болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of