Бишкек: мэриянын балансына 40 сотыхтан ашык жер кайтарылды

Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына борбор калаанын Аламүдүн сейил багындагы муниципалдык жер өткөрүлгөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы “Аламүдүн базары” жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылга Буденный менен М. Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан  убактылуу колдонуу үчүн берилген 13 миң чарчы метр жер кайтарылды.

Комиссиялык текшерүүнүн негизинде аталган жер максаты менен пайдаланылбаганы аныкталган.

Мындан тышкары, бул жерде 11 объект архитектуралык жана техникалык корутундусу жок иштеп жаткандыктан, тактап айтканда?  ижарага берилген жерде мыйзамсыз түрдө объектилер курулгандыгы тастыкталды. Алардын ичинде:

– 3 кафе;
– 1 кичи футболдук талаа;
– 2 унаа бөлүктөрүн саткан дүкөн;
– 3 кампа;
– 2 ашкана;
– 1 унаа жуугуч.

“Аламүдүн базары” тарабынан укуксат кагаздары жок муниципалдык жерди колдонгон фактылар катталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы аталган дарек боюнча жеңилдетилген типтеги 16 объектини ордунан алып, натыйжада 40 сотых жер кайтарып алды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика