Нарын: бычакталган окуучу каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Окуя ушул жылдын 16-мартында болгон.

Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу өзүнөн бир жаш улуу балага бычак шилтеген. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 16-март күнү түнкү саат 21:00 чамасында болгон. Балдардын ортосунда өз ара пикир келишпестик чыгып, кылмышка шектүү 11-класстын окуучусунун артына үч жолу бычак сайып жиберген. Өспүрүм ооруканада эсине келе албай каза болду.

Кылмышка шектүү Ак-Талаа РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ушул тапта сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of