Абылгазиев: дыйкандарга берилип жаткан жеңилдетилген насыялар текшерилет

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында каражаттарды максаттуу берүү деталдуу текшериле турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жасаган иш сапары учурунунда дыйкан-фермерлер менен жолугушуп жатып билдирди.

Премьер-министр менен маектешүүдө аграрийлер жеңилдетилген насыя берүү шарттарын жакшыртуу тууралуу маселени көтөрүштү.

Абылгазиев «Айыл Банк» жетекчилиги менен жеңилдетилген жана узак мөөнөттүү насыялоонун фермерлерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү чаралары талкууланат деп ишендирди.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, “Айыл чарбасын каржылоо – 7” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 380 миллион сомдон ашыгыраак жеңилдетилген 946 насыя берилген.

Өкмөт бул жылы дыйкандарга арзан насыя берүүдө бир катар өзгөчөлүктөрдү киргизгенин маалымдаган. Анын негизинде экспортко багытталган рентабилдүүлүгү жогору продукциялар тандалып, аларды өндүрүүгө кредиттин жылдык үстөгү 6%га чейин арзандады. Бул – сүт, эт, жүн, бал, балык, картошка, малина, кулпунай, карагат, пахта, тамеки, төө буурчак.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева дыйкан-фермерлерге берилүүчү насыя кечеңдеп жатканын парламентте айтып чыккан эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of