Башкы прокуратура атайын эсепке дагы каражат которду

Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 11 млн. 106 миң 840 сом которду.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдиргендей, ушуну менен эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 368 млн. 764 миң 578 сомду түздү.

Азыркы убакта башкы прокуратура тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган аракеттерди ишке ашыруу боюнча тийиштүү чаралар уланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн атайын эсеп Каржы министрлигинин алдында ачылган.

Атайын эсепке УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги өз тармагындагы коррупциялык иштерден өндүргөн каражатты которушат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика