Кыргыз-казак чек арасынан 100дөй жүк унаасы өтө албай турат

Сүрөт "Азаттыктан" алынды

Кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда Кыргызстандан бара жаткан 100гө жакын жүк ташуучу унаалар Казакстанга кире албай кезекте турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариева “Калыс Медиага” билдирди.

Фуралардын узун кезеги кечээ, 19-мартта 20.00дөн тарта башталган. Казакстандын чек арачылары муну салык ведомоствосунун чечимине ылайык жана ветеринардык көзөмөл жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.

“Кезек күтүүнү казак тарап убактылуу деп айтты. Бүгүн, 20-мартта, саат 12:00дө өтө албай турган фуралардын саны 60ка жетти. Жүгү жок унаалар өтүп жатат. Текшерүү качан алынары белгисиз. Казакстан бул боюнча маалымат бергенде гана алынат”,- деди Абдыкариева.

Ошондой эле казак тарап саатына 4-5 унааны текшерип жатканын кошумчалады.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок. Ал эми кыргыз тарап коңшуларды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of